Быйылкы жылдын 1-кварталында Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 768 укук бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен:
— Бузуулардын бирдиктүү реестрине 693 факт катталып, козголгон иштер боюнча 2,9 млн. сом суммасында айып өндүрүлгөн, 13,7 млн. сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
— Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факт катталган жана 33,6 млн сом зыяндын орду өндүрүлгөн.
Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26,3 млн. сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.
Ушуну менен бюджетке кошумча 76,4 млн. сом түштү.
Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 58% га жогорулаган.
Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 26,4 млн. сомго көбөйгөн.
2020-жылдын 1-кварталында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 49,9 млн. сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 76,4 млн. сомду түздү.