Connect with us

«Чет жакта жүргөн кыргызстандык окумуштуулардын базасы түзүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2021 | 1422 | 0

Билимдүү адистерди өлкө экономикасынын өнүгүшүнө пайдалануу — Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык багыты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркул Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет жакта жүргөн кыргызстандык окумуштуулардын базасы түзүлөт.

«Пандемияда Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов сыяктуу мекендештер технологияларды өздөштүрүү багытында жардам берди. IT тармагында иштегендер колдоо көрсөтүүдө. Асел Сартбаева STEAM’ды жылдыруу боюнча устат болуп иштеп жатат. Мындай атуулдарыбыз өтө көп, алардын башын бириктиришибиз керек. Алардын жүрөгү «Кыргызстан өнүксүн» деп согот, кейийт, кайгырат, биз менен тагдырлаш. Алар жардам берүүгө даяр», — дейт Кендирбаева.

Ал мындан сырткары каалаган реформаны жүргүзүп жиберүү үчүн министрлик сыйкырчы уюм эмес экенин эске салды.

Ата-энелерге балдарын окутууга, тарбиялоого олуттуу көңүл буруу сунушун берди. Ошол эле учурда мигранттардын балдарына тынчсызданарын да кошумчалап өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM