Биз менен байланышыңыз

«Аттестациялоо мугалимдерди жазалоо эмес, шыктандырууну көздөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2021 | 1454 | 0

Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин атестациялоо маселесинде Бишкектеги мектеп директорлору көп ызы-чуу чыгарышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдургүл Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, натыйжаларды, иштин жыйынтыгын көрсөтө турган мезгил келди. Аттестациялоо жазалоо эмес, мугалимдерди шыктандыруу максатын көздөйт. Аны ишке ашырууда кылдат карап, мыйзамдык карама-каршылыктарды жоюу керек. Аттестациялоо — коомдун талабы.

Мектепке байланыштуу көйгөйлөр өзгөчө Бишкек шаарында көп орун алат. Шаардык мэриянын реформа жүргүзүүгө 100% укугу бар.

«Биздин программаны ар бир билим берүү мекемеси аткарууга милдеттүү. Программанын өзгөчөлүгү — мугалимдердин кадыр-баркын, коомдогу макамын жогорулатуу. Ансыз реформаларды ишке ашырууда өзөктүү тоскоолдук болуп калышы мүмкүн. Аймактык ЖОЖдордун кудуретин күчөтүү да каралууда», — дейт Кендирбаева.

Ал кошумчалагандай, Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтерге, ата-энелерге көз каранды. Андыктан реформа жүргүзүүдө бир эле министрлик эмес, бардык тараптар активдүү катышып, президент Садыр Жапаров да каржылоо маселесин жогорулатышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM