Биз менен байланышыңыз

Шайлоого нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1256 | 0

Бүгүн, 14-апрелде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына чатыр тигип, ачкачылык жарыялашты. Алар үч күн күтүшөрүн, ал аралыкта бийлик укпай турган болсо, акцияны токтотпой уланта беришерин айтышууда.

Милиция Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына тигилген чатырды алып салды. Акцияга чыккан партиялардын өкүлдөрү бул кадамды мыйзамсыз деп баалашууда.

Белгилей кетсек, сот Свердлов районунун аймагында ар кандай аракеттерге тыюу салган.

Кыргызстан социалисттик партиясынын өкүлү Нурбек Жоробеков партиясы ачкачылык акциясына кошулбоо чечимин кабыл алышканын, бирок жеке өзү активист катары шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптарды колдой турганын маалымдады.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөн.

Шайлоодогу нааразылык. Партиялардын деңгээли

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM