Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюлду.
Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо алты партия 7 пайыздык босогодон өттү. Баш калаада шайлоочулардын 32,37% добуш берди.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуштардын 99,9 пайызын эсептеп чыгарды. Кол менен саноонун жыйынтыктары да улам жарыяланууда.
12-апрелде түштөн кийин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышты. Алар «Бүтүн Кыргызстан», «Тынчтык», «Коммунисттер», «Бийлик элге», «ДДК», «КСП», «Улуу Журт», «Жашылдар» партиялары.
«Тынчтык» партиясынын өкүлү Болот Абдыжапаровдун пикири төмөнкүдөй.
— Биз да башында айрым партиялардын катарындагы жаш талапкерлерди көрүп сүйүнгөнбүз. Бирок мына бүгүн «жумшак рейтинг» жөнүндө айтылып жатат. Бул деген тизменин алдыңкы катардагы талапкерлерин артка жылдырып, партияга ким канча акча салса, ошолор келет деген сөз. Демек, биздин Бишкек шаардык кеңешине «базаркомдор», «үй куруучулар», Бишкекти ушул абалга жеткирген адамдар кайра эле келет.
Катышуучулар президентке, башкы прокурорго жана БШКнын төрайымына кайрылуу жибере турганын айтышты.
12-апрель күнү Ош шаарында 6 партия «Улуттар Биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир бол» партияларынын өкүлдөрү митингге чыгышты.
Бишкек шаарында «Социал-демократтар» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулуп, шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жүрүшүндөгү ар бир бузууга баа берүү мыйзам чегинде болушу үчүн убакыт керектигин айтууда.
— Шайлоо жыйынтыгына макул болбогон партиялар менен талапкерлерди мыйзам чегинен чыкпашы керек. Укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу арыз-даттануулардын үстүндө иштеп жатат. Анын баары мыйзамдуу каралышы үчүн мөөнөт берилиши зарыл.
28 шаардык кеңешке 796 депутат шайланышы керек. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Бишкек шаардык кеңешине алты партия 7% чектен өттү.
Алар:
«Эмгек» – 13,87%;
«Ынтымак» – 13,87%;
«Ак Бата» — 12,15%.
НДПК – 10,70%;
«Ата-Журт Кыргызстан» – 9,63%;
«Биздин эл» – 7,73%.
Ош шаардык кеңешине 4 партия өттү.
Алар:
«Ата-Журт Кыргызстан» – 47,99%;
«Улуттар биримдиги» – 17,99%
«Ыйман Нуру» – 8,11%;
«Ынтымак» – 7,36%.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде айткандай, шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу система менен бөлүштүрүлөт.
Бишкекте шайлоочулардын дээрлик 14% добушуна ээ болгон «Эмгек» партиясын (13,87%) 2005-жылы Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болгон ишкер Аскар Салымбеков негиздеген. Курамында буга чейин шаардык кеңеште депутат болуп келгендер бар.
«Эмгекке» теңтайлаш келе жаткан «Ынтымак» партиясын (13,87%) Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев баштап чыккан. Бул партия 14 шаарга катышып, 11инде жеңишке жетти. «Ынтымак» — быйыл түзүлгөн партия.
Экинчи орунда келе жатып, бирок үчүнчүгө жылган «Ак Бата» партиясын Бишкектин 2008-2010-жылдардагы мэри Нариман Түлеев негиздеген. «Ак Бата» азырынча 12,15 пайыз добушка ээ болуп турат.
Бишкектиктердин 10,70 пайыз добушун алган НДПК төртүнчүдө келе жатат. Ал — Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун партиясы. Аны Коомдук каналдын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков жетектеп чыккан. Талдоочулар бул партия өзү күткөндөй эле добуш алды деп баалашууда.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкектеги шайлоодо бешинчи болуп келе жатат. Партия алдын ала жыйынтык боюнча 9,63 добуш алды.
«Биздин эл» партиясы 7,73 пайыз добуш ала алды. Курамында белгилүү эстарада ырчысы Анжелика Кайратова, активист Болот Ибрагимов жана башкалар бар.
Жакшы добуш алары күтүлүп жаткан «Реформа» партиясы 7 пайыздык босогодон өтпөй калды.
Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку депутаты Канат Мүзүралиев жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда партиялар аракетине жараша добуш алганын айтты.
— Көп партиялар шайлоо системасын түшүнбөйт. Мисалы, жергиликтүү кеңештерге шайлоо — парламенттик же президенттик шайлоо эмес. Жергиликтүү кеңештерге — Бишкектен 25 партия болду. Анын ичинде ар биринин таанышы, тууганы, тарапташтары, ишенген адамдары бар. Алар сөзсүз өзүнүн талапкерине добуш берди да. Мына бул шайлоо «кыйынмын» дегендердин деңгээлин көрсөтүп койду. Көп партиялар катарына туура эмес адамдарды кошуп алып, аз добушка ээ болуп калды. Ошондуктан жеңилип калган же аз добуш алгандар чычалаактык кылбашы керек. Убагында көп добуш алып жүргөн «Республика» партиясы азыр 12-орунда келе жатат. Бул эмнени айтат? Партиянын курамындагы талапкерлердин кадыр-баркы жок, эл менен иштеген эмес, программасын жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган эмес.
Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы мурда күтүлгөндөй эле болгонун айткан саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Бишкектеги жагдай тууралуу мындай ойдо:
— Бишкектин эли — курама калк. Шаарда мурда 185 миң эле калк болгон, калганыбыз келгинбиз да. Ошондуктан Бишкекте өткөн шайлоонун жыйынтыгы ушундай эле болору күтүлүп жаткан. Арийне, шайлоонун жүрүшүндө добуш сатып алуулар болду, өзгөчө жаңы конуштарда байкалды. «Өнөктүк таза өттү» деп айта албайбыз, бирок мурдагы практика менен өттү.
Түштүк тарапта «Ата журт — Кыргызстандын» көп добуш алышына партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жалал-Абаддан болгону таасир этти. Мамлекеттик кызматта отургандар кызматынан кол жууп калгысы келбейт. Ошондуктан бийликтегилердин партиясына аракет кылышты. Ал эми Бишкекте андай болгон жок. Анткени Бишкек кошуундардын чоң айылы, ар бир аймактан жашоочулар бар. Түштүк тарапта партиянын аты, баалуулуктары, программасы негизги роль ойнобойт. Каржылоо жок болсо, партиялар чыга албасын да көрдүк.
Дагы бир жагдайга токтолсок, «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилген.
Ага ылайык, Жергиликтүү кеңештердеги мандаттын 30 пайыздык квотасы аялдарга берилиши керек. Бул жолку шайлоодо бул квота жакшы натыйжа көрсөткөнүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева айтты.
— Биз 30 пайыздык квота боюнча мыйзамды кабыл алып жатканда анын иштеп кетишине ишенбегендер, каршы пикир айткандар болду. Пандемия же башка дагы ар кандай окуялар болуп жатып, аялдарга бериле турган квота боюнча жакшы түшүндүрө албай калдык. Бирок өлкө аймактары боюнча аялдар чалып: «Биз чыксак болобу, чын эле өтөбүзбү?» — деп кызыгуу менен сурап жатышты. Чындыгында бул жолку шайлоодо квота жакшы натыйжа берди. Мен өзүм да Өзгөн жана башка райондорду ачып карап жаттым, биринчиликти алган аялдар көп болду. Алдыңкы бештикке чыккан аял талапкерлер болду. Абдан жакшы натыйжа болду. Биз аялдарга берилиши керек болгон 30 пайыздык квота маселесин да анализдеп чыгабыз.
11-апрелде Кыргызстанда референдум менен чогуу жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн.