Биз менен байланышыңыз

Анжелика: Биздин партияга берилген беш мандаттын бири — меники

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1695 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна «Биздин Эл» партиясынын тизмеси менен катышкан ырчы Анжелика Кайратова билдирүү жасады.

Ал өзүнүн мандаты тууралуу сөздөргө жооп кайтарып, БШКга депутат катары өткөнүн, бирок жумушка ден соолугун толук калыбына келтирген соң чыгарын айткан.

«Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым — элге кандай болсо да пайда алып келүү! Ден сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келерки жылы болобу, же жарым жылда болобу, шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! «Өтпөй калды» деген маалыматтар туура эмес.  Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечекке жол курган жаштардан болобуз! Бул жеңиш бизге оңойго турган жок», — деп Инстаграм баракчасына билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, ырчы Анжелика партиянын тизмесине №6 болуп турат. Бирок БШКда «Биздин Эл» партиясына учурда 5 мандат берилет. Эрежеге ылайык, тизмедеги алдыңкы беш жаран шаардык кеңештин депутаты боло алат. Алардын бирөөсү мандаттан баш тарткан учурда гана тизмедеги кийинки жаранга мандат берилиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM