Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын 79%дан ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1330 | 0

Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча референдумга жалпы 1 млн 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,8 пайызын түзөт.

«Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран «макул» добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24 %ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу «каршы» добуш берди», — деди Шайлдабекова.

Шайлдабекова референдумдун акыркы расмий жыйынтыгы шайлоодон 35 күн өткөнгө чейинки аралыкта айтыларын белгиледи.

Конституция боюнча референдумга аймактардан төмөнкүдөй добуштар берилген:

— Бишкекте «макул» — 60,66%, «каршы» — 36,10%;
— Ош шаарында «макул» — 79,87%, «каршы» — 12,27%;
— Жалал-Абад облусунда — «макул» — 84,7%, «каршы» — 7,94%;
— Ысык-Көл облусунда — «макул» — 85,25%, «каршы» — 9,9%;
— Нарын облусунда — «макул» — 82,84%, «каршы» — 11,25%;
— Ош облусунда — «макул» — 84,33%, «каршы» — 7,76%;
— Талас облусунда — «макул» — 74,99%, «каршы» — 16,6%;
— Чүй облусунда — «макул» — 70,84%, «каршы» — 21,36%;
— Баткен облусунда — «макул» — 84,27%, «каршы» — 8,68,%.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM