Биз менен байланышыңыз

Райондук сот Текебаев менен Чотоновду актады

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1429 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.

Бүгүн райондук сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иши каралды.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Текебаевге жана Чотоновго карата тандалган үй камагындагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат.

Алардын наамындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө коюлган камак – өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынат.

Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, депутаттык мандатын кайтарып алуу боюнча сотко кайрыларын айтты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын жараны Леонид Маевскийден «MegaCom» мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 1 млн доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн жактырып, 29-августта алар үй камагына чыгарылган. Ошондон бери сот иши уланып жаткан.

Өмүрбек Текебаев 2020-жылы 15-октябрда депутаттык мандат алган. Кийин соттун чечими менен кайра мандатынан ажыратылды.

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM