Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Курсан Асанов өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып, 26-январда камакка алынган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (имараттарды жана курулуштарды басып алуу) менен айып тагылган.
Дөөлөбек Шадыбеков
14.04.2021 11:32
Текебаев менен Чотоновдун акталышы менен куттуктайбыз..
Курсан Асановдун камалышы негизсиз болгон …Эми уй камагында сот барып акталышына күмөн жок …Ак ийилет биорк сынбайт КР Аксакалдар Кенеши кубатайбыз Баатыр Генералды…