Connect with us

«Кыргызстанда бийлик бутактарынын балансы эч качан болгон эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1359 | 0

Кыргызстанда бийлик бутактарынын балансы болгон эмес. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен ал юридикалык жактан бекемделди. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде жаңы Конституция жарга такашы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, жаңы Башмыйзамга ылайык бийликтин тең салмактуулугун камсыздоо мүмкүн эмес. Эгерде Кыргызстан президенттик башкаруудан кетсе, бийликтин балансы орун алат.

«УКМК өзүнчө бийлик болуп кетти. Президент бийлик бутактарынын көз карандысыз болушуна жол бербейт. Садыр Жапаров өкмөт башчыга майда-чүйдө бийликти берет да, кыйынчылыкты премьер-министрге түртө калган система кала берет», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM