Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кубанычбек Жумалиев бюжетке 1 млрд сом төлөдү

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1485 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.

Буга байланыштуу, бүгүн 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага чет өлкөгө чыкпоо шарты менен баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган.

Ошол эле учурда лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси жана ар кандай компаниялар, алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен өткөн, анын туугандарына жана жакын адамдарына таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM