Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыга баштады.
Ош шаары боюнча 9 партия катышып, алардын алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
- «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясы — 48, 83%;
- «Улуттар биримдиги» элдик партиясы — 17,81%;
- «Ыйман нуру» партиясы — 8,22%;
- «Ынтымак» партиясы — 7,07%;
Эскерте кетсек, бул — шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Ош шаарында шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек. Калган партиялар азырынча 7%дык чектен өтө элек.