Биз менен байланышыңыз

Шайназаров: Мыйзам бузуулар жөнүндө даттануулар көбөйүп жатат

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1389 | 0

Кечки саат 18:00гө карата БШКнын жумушчу тобуна шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар тууралуу 43 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады.

Ал мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар көбөйүп жатканын айтты. 3 факты административдик ресурс колдонуу боюнча, 13ү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу жөнүндө, эки кайрылуу шайлоочуларды массалык түрдө ташуу тууралуу, 1 кайрылуу бюллетенди сүрөткө тартуу боюнча жана башка фактылар.

Даттануулардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардан келип түшкөн.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун тандоо боюнча референдум өтүүдө. Добушканалар кечки саат 20:00дө жабылат.

Copyright © 2017 Maral FM