Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы автобустар тууралуу маалымат таратты

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1347 | 0

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы автобустардын саны, абалы тууралуу маалымат таратты.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык ишканасынын балансына 476 автобус кирет.

Алардын ичинен «Ясинь» маркасындагы 402 автобус бар, андан сырткары:

• «Евро-2» — 147 автобус, 2008-жылы чыгарылган, баасы 1,1 млн сом насыянын негизинде;
• «Евро-3» — 2009-жылы чыгарылган, 255 автобустун баасы 1,7 миллион сом, гранттын жардамы менен сатылып алынган;
• «Кинглонг» автобустары — 2016-жылы чыгарылган, 10 даана, Үрүмчү шаарынын мэриясы белекке берген;
• «Ман» автобустары — 3 даана, 1980-жылы чыгарылган;
• «Лиаз» автобусу — 1 даана, 2004-жылы чыгарылган;
• «Ютонг» автобустары — 60 даана, 2019-жылы чыгарылган.

Быйыл 8-апрелге карата 140 автобус иштеп жатат, анын 103ү линияга чыгууда.

156 автобуска узак мөөнөттүү оңдоо талап кылынат, кыска мөөнөттө оңдоо үчүн 40 автобус бар, 140 автобус эсептен чыгарылышы керек.

Базадагы техникалык ресурстары түгөнгөн автобустарды эсептен чыгаруу долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

«Евро-2» жана «Евро-3» автобустары 2008-2009-жылдары Социалдык фонддон 200 миллион сом насыянын эсебинен сатылып алынган.

Бишкек шаарынын аймактык казына башкармалыгына облигацияларды жайгаштыруудан түшкөн 200 миллион сомду «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык ишканасынын эсебине, жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн которуу тапшырылды.

2008-жылдын 4-августунда Бишкек мэриясы менен «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» ишканасынын директорунун ортосунда насыя келишими бар, насыя каражаттары жылдык 7% үстөгү менен 6 жылдык мөөнөткө которулган.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» ишканасы экономикалык ишмердигине байланыштуу карызды төлөй алган жок, буга байланыштуу 214 млн сом каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнгөн.

Бүгүнкү күндө «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттун» шаардык бюджетке карызы бар. Ишкананын Кустанай көчөсү, 121 жана 7-апрель көчөсү,4 даректеринде колдонулуп жаткан эки автобаза бар.

2021-жылдын биринчи кварталында 135 каттам боюнча коомдук транспорттун чыгышы орто эсеп менен 1400 жүргүнчү ташуучу бирдикти түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM