Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1150 шайлоо тилкесинде бюллетенди сүрөткө тарткан факт катталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1391 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндө жайгашкан №1150 шайлоо тилкесинде шайлоо мыйзамын бузган факты катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, жаран 1998-жылы туулган С.Д. шайлоо тилкесине келип, өзүнүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Кыздын айтымында, ал бюллетенди сүрөткө тартууга болбосун билген эмес. Ошондой эле бул бюллетенди шайлоого барганын туугандарына тастыктоо үчүн тартканын, эч ким аны үгүттөбөгөнүн айткан.

Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу тарабынан бул материал боюнча протокол толтурулду. Топтолгон материал Борбордук шайлоо комиссиясына мындан ары чечим чыгаруү үчүн жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM