Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу фактысы катталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1296 | 0

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу аракети катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

10-апрелде Ош милициясына Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө бир партиянын үгүтөөчүлөрү тарабынан добуш сатып алууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча чогултулган иш кагаздары 192-берененин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө учурунда Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн 1944-жылы туулган Д.С. аттуу жараны күбө катары суралган.

Анын айтуусуна караганда, 10-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн башчысы, 1962-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран өзүнө жолугуп, 1000 сом акча берип, бюллетенде турган бир партияны шайлашы керектигин айткан.

Ал алган акчасын тергөө кызматкерлерине кайтарып берген.

Ал эми домком Ж.Р. чынында саясий партиянын үгүттөөчүсү экенин, бирок жаранга 1000 сом бербегенин айткан.

Азыркы учурда Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып,  тергөө аракеттери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM