Биз менен байланышыңыз

Референдум: Бишкекте катышуу төмөн, Ошто жогору

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1268 | 0

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүүгө катышуу Ош шаарында эң активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Саат 10.00гө карата Ош шаарында референдумга добуш берүүгө 12 миң 65 адам катышты. Бул  7,90 пайызды түздү.

Референдумга катышуу Бишкек шаарында эң төмөн болууда, саат 10.00гө карат 13 миң 458 добуш берип, катышуу 3,20 пайызды түздү.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда 42 миң 576, Ысык-Көл облусунда 13 миң 661, Нарын облусунда 10 миң 383, Ош облусунда 42 миң 158, Талас облусунда 8 миң 409, Чүй облусунда 22 миң 426, Баткен облусунда 16 миң 292 жана чет өлкөлөрдө 373 жаран референдумга добуш берди.

Жалпы өлкө боюнча Конституциянын жаңы долбоорун тандоого катышкандардын саны саат 10.00гө карата 181 миң 801 адам болду.

Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM