Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов митингчилердин алдына чыкты

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1933 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов өкмөт үйүнүн алдына чогулган митингчилердин алдына чыкты. Ал 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлгөнү тууралуу толук маалыматы бар экенин, президенттин да маалыматы бар экенин айтты.

Кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатканын жана жыйынтыгы жөнүндө маалымат берилерин кошумчалады.

«Мен деле буга абдан кайгырып турам, жүрөгүм менен айтып жатам. Кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат. Кечээ күнү да билдирүү жасаганбыз. Министрдин отставкага кетүү маселеси каралат. Иликтөө аягына чыгышы үчүн убакыт бергиле, мен силерге сөз берем, баары жоопкерчиликке тартылат», — деди Марипов.

Чогулгандар Мариповдун сүйлөөсүнө уруксат бербей, «позор», «кетсин» деп кыйкырып турушту.

Бүгүн Бишкектин тургундары, жарандык активисттер зордук-зомбулукка каршы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулган. Алар уурдалган Айзада Канатбекованын өлүмү үчүн ички иштер органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну, отставкага кетирүүнү талап кылышты.

7-апрелде Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя болгон жерде унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган.

Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек милициясынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан ала качууга тиешеси бар адамдардын бири кармалды.

Маалыматка караганда, кармалган адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка шектелген дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.

«1994-жылы туулган К.А.ны аттуу кызды ала качууга шектелгендердин бир 1992-жылы туулган Р.А. кармалды. Калган эки шектүү тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM