Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков УКМКда сурак берип жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1841 | 0

Бүгүн, 8-апрелде саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага жакын туугандары аркылуу кысым көрсөтүлүп жатат. Жээнбеков муну ойдон чыгарылган саясий иш деп баалайт.

Кошумчалай кетсек, бүгүн эрте менен саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн. Маалыматты Жээнбеков өзү «Марал» радиосуна тастыктаган. Тинтүү өзүнүн үйүнө эле тургай, эжелеринин үйүнө да жүргүзүлүүдө. Азырынча тинтүүнүн себеби белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM