Биз менен байланышыңыз

Шайлоо 2021: 153 байкоочу катталды

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1486 | 0

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана жалпы элдик референдумга мониторинг жүргүзүү үчүн 153 байкоочу каттоого алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Байкоочулар 10 өлкөдөн, 9 эл аралык уюмдан жана 9 дипломатиялык миссиядан келет.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт жана референдумга добуш берилет.

Бул күнү 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек жана Ош шаардык кеңешинде 45тен, ал эми калган шаардык кеңештерде 31ден мандат бар, депутаттар төрт жылга шайланат.

Шайлоо 2021: Партиялардын аброю

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM