Биз менен байланышыңыз

Шайлоо 2021: Партиялардын аброю

Кыска кабар , Саясат | 15 Мар 2021 | 1214 | 0

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өтөт. Анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бул жолку шайлоодо талапкерлердин саны көп болууда. Учурда партиялар талапкерлеринин тизмесин жарыялай башташты.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду парламенттик шайлоого катышууга даярдык катары баалашат. Бул жылы күрөш чоң атаандаштык менен өтөрү айтылып жатат. Айрыкча борбор калаанын тургундары партия тандоо аркылуу мэрди шайлоого салым кошо алат.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партия аттанууда.

Алар: «Республика», «Жашылдар» партиясы, «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт», «Социал-демократтар», «Патриот», «Кыргызстан элдик демократиялык» партиясы, «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Ынтымак», «Замандаш», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясы, «Реформа», «Биздин эл», «Ак Бата», «Улутман», «Кыргызстан», «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан», «Элдик партия», «Элдик бийлик», «Ата журт Кыргызстан» жана НДПК партиялары.

Бул партиялардын арасынан бийликчил деп айтылгандары да бар. Саясат талдоочу Айданбек Акматовдун пикиринде, «Ата журт Кыргызстан», «Ынтымак» партияларын бийликке жакын деп айтып жүрүшөт.

— Бишкек шаарынын тургундары үчүн шаардык кеңешке шайлоого аттанып жаткан партияларды тандоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Анткени буга чейин шаар бийлигинде иштеп көргөн, натыйжаларга жетип көргөн талапкерлер да болуп жатат. Мисалы, «Ак бата» партиясы менен Нариман Түлеев баратат. Ал киши мэр болуп турганда борборго практикалык иштери менен таанылган, натыйжаларга жеткен. Башка да партиялардан жаш талапкерлер бар экен, аларды да карап көрсө болот. Негизи, бишкектиктер мэрди түз шайлаганга мүмкүнчүлүк болбогон үчүн, партияларды шайлап, ошол аркылуу мэрди шайлоого аракет жасаса туура болот деп эсептейм.

Бишкек шаардык кеңешине күрөш күчтүү болот

Биринчиден, Бишкекте ресурс көп, ресурс үчүн күрөш болот. Борбордо 1 миллионго жакын калк бар, бизнестин баары — ушул жерде. Экинчиден, Жогорку Кеңешке, аткаруу бийлигине барууга борбор трамплин да болуп калат. Ошол үчүн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого күрөш күчтүү болот.

Бийликтегилер мурункудай өз партияларын ачык таңуулабай жатат. Кыйыр түрдө бийликке жакын адамдар бар экенин байкап жатабыз. Бирок бийликтин оң көзү салынган, кыйыр түрдө колдоо көрсөткөн партиялар бар. Менин оюмча, «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» деген партиялар бийликке жакын партиялар десе болот.

«Ата журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине көз чаптырсак, алдыңкы ондукта төмөнкүлөр бар:

  • Бабыржан Төлбаев, президенттик шайлоодо талапкер болгон;
  • Талантбек Жамгырчиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Валентина Лисниченко, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Рысбай Аматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Нурлан Шейшеев, «НурИмарат Курулуш» ишканасында директордун орун басары;
  • Элнура Рымбекова, «СкайСтрой» компаниясынын башкы директору;
  • Эдил Бейшенбаев, Бишкектин Ленин райондук салык бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Алымбек Бактыбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Елена Пак, «ПРП Констракшн» компаниясында аткаруучу директор;
  • Таалайбек Сурапбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Бул талапкерлердин басымдүү бөлүгү — шаардык кеңештин депутаттары.

Санжар Абдинаби уулу быйыл Баткен шаарында жергиликтүү шайлоолорго биринчи жолу талапкер катары аттанып жатат. Аны менен кошо Баткен шаардык кеңешине жалпы 9 саясий партиядан 500дөн ашык талапкер катышууда. Санжар мырза шайлоо атаандаштык менен өтөрүнө ишенип турат.

— Баткен шаарынын бир топ социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрү мени түйшөлтүп жүргөн. Бийликтин бул багыттагы ишин сындап жүрдүк, бирок сындаган оңой экен, сындаган менен болбойт экен. Ушул маселелерди чечүү — эң башкы максатыбыз. «Өзбүздүн дарамет-кудуретибизди өлчөп көрөлү» деген максат менен шайлоого аттандык.

Шайлоо атаандаштык менен, ачык-айкын өтөт деп ишенем. Себеби талапкерлердин баары эле жергиликтүү тургундар, аша чабууга барышпайт деп ойлойм. 

Анткен менен Баткен шаардык кеңешине ат салышып жаткандардын арасында да бийликчил деген партиялар бар экени айтылып жатат. Мисалы, интернеттеги маалыматтарга таянсак, Баткен шаардык кеңешине аттанып жаткан «Ата Журт Кыргызстан», «Ала-Тоо — кыргыз жери» партиялары бийликчил деп айтылып жүрөт.

Андан башка облустун мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Бурхановдун туугандарына тийиштиги бар бир канча партия түзүлүп жатканы да маалым болду.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош облусунда шайлоо таза өтпөй турганын, мыйзам бузуу болуп жатканын журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде айтты.

Ал 12-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо маселесин талкуулаган. Жапаров: «Шайлоо таза өтөт», — деген.

«Ата Журт Кыргызстан» партиясы 26-февралда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Аны Айбек Маткеримов башкарат, ал октябрдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Партиянын шайлоо штабы бийликчил деген кептерди четке кагат.

Быйыл 22-февралда «Мекенчил» партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да катышпай турганын жар салган.

«Мекенчил» партиясына мүчө болгон президент Садыр Жапаров «административдик ресурс колдонулду» деген сөздөн алыс болуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын айткан.

Аталган партия өткөн жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында катышкан.

Президенттик шайлоодо талапкер болгон Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов биригип, «Реформа» партиясы менен шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.

Элдар Абакиров «Адилеттүү Кыргызстан», Клара Сооронкулова «Реформа» жана Аймен Касенов «Асман-Ала-Тоо» партияларына лидерлик кылат.

Жарандык активист Адил Турдукулов Бишкек шаардык кеңешине катышып жаткан партиялар тууралуу ой бөлүштү.

— Негизи, шаардык кеңешке мурунку олигархтардын, экс-чиновниктердин балдары толуп кеткен. Бул кайра эле административдик ресурстун, акчанын күчү шаардык кеңештерге өтө турган шайлоодо чоң роль ойной турганын көрүп келгенбиз. Бул жолу да кескин өзгөрүү болбойт деп ойлойм. Шайлоочулар да талапкерлердин убадаларына ишенбейт, азык-түлүк пакетин берсе эле ынанып, шайлап коюп жатышат да, жыйынтыгында нааразылыктар пайда болот.

15-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер көрсөткөн партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак тартылды. Ага ылайык, партиялар төмөнкү тартипте жайгаштырыла турган болду:

1. «Улутман»;
2. «Ыйман Нуру»;
3. «Биздин эл»;
4. «Кыргызстан демократиялык кыймылы»;
5. «Замандаш»;
6. «Улуу журт»;
7. «Ишеним»;
8. «Шайлоо эркиндиги»;
9. «Эл бийлиги»;
10. «Кыргызстан коммунисттер партиясы»;
11. «Социал-демократтар»;
12. «Ата Журт-Кыргызстан»;
13. «Республика»;
14. «Айкөл Кыргызстан»;
15. «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы»;
16. «Тынчтык»;
17. «Кыргызстан»;
18. «Жашылдар партиясы»;
19. «Ак бата»;
20. «Кыргызстан социалдык партиясы»;
21. «Бүтүн Кыргызстан»;
22. «Эмгек»;
23. «Реформа»;
24. «Ынтымак»;
25. «Патриот».

Чучукулакка аталган партиялардын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты. Ошондой эле учурда өлкөнүн 28 шаарына депутат болом деген партиялар арасында бюллетендеги катар номерлери аныкталууда.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелге белгиленген. Бул күнү 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бишкек жана Ош шаардык кеңешинде 45тен, ал эми калган шаардык кеңештерде 31ден мандат бар, депутаттар төрт жылга шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM