Бишкектеги бала бакчаларда жана мектептердеги тамактандыруу стандарттарга жооп берет. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин интернетте Көк-Жарда жайгашкан №182 бала бакчада балдардын тамагынын сүрөттөрү тараган. Аны ата-энелер тартып алган.
Бишкек мэриясы бул бала бакчага текшерүү жүргүзүлүп, интернетте айтылгандар чындыкка дал келбей турганын билдирди.