Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банк сомго сүрөтү түшүрүлгөн залкарлар тууралуу тасма тартты

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Улуттук Банк тарабынан уюштурулган «Ата Журттун нукура байлыгы – өз эли» аталышында социалдык роликтердин бет ачары болуп өттү. Роликтерде 200 сомдон жогору улуттук валюталарга сүрөтү түшүрүлгөн атактуу инсандардын жашоосу чагылдырылган.

Тасманы жаратуунун жана даярдоонун башкы максаты руханий баалуулуктарды жайылтуу, өлкөнүн маданиятына, искусствосуна зор салымын кошкон, улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн залкар инсандардын өмүр-тарыхын калың журтка кеңири жеткирүү, ошол эле учурда элдин улуттук валютага болгон ишенимин жогорулатууга шарт түзүү жана акчага маданияттуу мамиле жасоону өркүндөтүү болуп саналат.

Видеороликтердин режиссёру Руслан Акун тарыхый чоң тасмаларды тарта албаса да, ушул сыяктуу тарыхый жана патриоттук роликтерди тартуу ал үчүн сыймык экенин айтып берди.

«Бул — биздин атактуу, залкар инсандар жөнүндө роликтер. Алардын өмүр баянынын эң кызыктуу учурларын алып, 2 мүнөттүк тасмаларды жараттык. Тарыхый чоң тасма тарта албасак да, ушундай тарыхый роликтерди тартканыма өтө кубанычтамын». 

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов социалдык роликтердин идеологиялык мааниси боюнча буларга токтолду:

«Өзүңөр күбө болгондой, бул роликтерде эң негизгиси, «Элдин нукура байлыгы — өзүбүздүн элибиз» идеологиясын түшүндүрөлү деген максат болгон. Ушул идеологияга таянып, роликтерди ишке ашырдык», — деди Абдыгулов.

Социалдык роликтерди тартуу ишин баалоо, жардамдашуу жана кеп-кеңеш берип туруу үчүн Улуттук банк белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер Актан Арым Кубат жетектеген тажрыйбалуу, кесипкөй адистерден турган эксперттик комиссия түзгөн. Ал эми тасмалардын сценарийлерин Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана маркум Баян Сарыгулов жазган.

Социалдык роликтеги атактуу акын Алыкул Осмоновдун бейнесин чагылдырган Чынгыз Мамаев Алыкул атанын ролу анын бактысына келгенин билдирип, бул ролду башка ролдордон артык көрөрүн кошумчалады.

«Алыкул ата — менин бактыма келген роль. Бул ролду мен башка ролдордон артык көрөм. Бул ролду аябай сыйлайм жана сыймыктанам», — деди Мамаев.

Экинчи тасмада СССРдин эл артисти, атактуу киноактёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун ролун жараткан Кымбатбек Алимжанов өзүн аябагандай бактылуу сезип, ушундай залкар адамдын ролун аткарууда калтаарыганын билдирди. Ал Чокморовдун бардык тасмаларын көрүп чыгып, ар бир кыймыл-аракетин окшоштурганга болгон күчүн жумшаган.

«Мен аябагандай бактылуу адам экем. Ушундай залкар адамды чагылдырып жатканыма аябай кубандым, азыр да аябай толкунданып турам. Азыр роликти көрүп бүтүп, чынында көзүмө жаш алдым. Колдон келишинче аракет кылдым, тартылып жаткан күндөрү аябай сыймыктанып, кубанып жүргөм», — деди Алимжанов.

Көрсөтүлгөн кыска тасмалардын ичинде белгилүү инсандардын улуулугу, артыкчылыгы чагылдырылып, ар биринин негизги кыргыз элине кылып кеткен кызматы көрсөтүлдү. Тасмалар жогорку деңгээлде даярдалып, мыкты актёрлор тандалган. Мындай пикирин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

«Мен үчүн абдан кубанычтуусу — биздин элибиз маданияттын, көркөм өнөрдүн өкүлдөрүн баалап-барктагандыгы болууда. Роликтер өтө жогорку деңгээлде жасалыптыр, биздин мыкты режиссёрлорубуз тартып, актёрлорубуз аткарыптыр. Сценарий да толугу менен жакты. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына Улуттук банк тарабынан даярдалган роликтер элибизге мааниси терең белек болду», — деди Иманалиев.

Роликтердин жабык коюлумуна Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ошондой эле тасманын тартылышына жардам берген, тасманы жараткан тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, журналисттер катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында тасмаларга салым кошкон инсандарга Улуттук банктын төш белгиси, Ардак грамотасы жана ар кандай баалуу белектер тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM