Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров 125 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды 

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1481 | 0

Президент Садыр Жапаров 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыкты жалпы 125 адам алды. Алардын арасында саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.

Президенттин расмий сайты жазгандай, академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, быйыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерин айтты. Ошондой эле өлкөнүн 30 жылдык тарыхын дагы бир жолу эстеп, кыргыз элин башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбоого чакырды.

Мындан тышкары, алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтөрүн, жаңы Конституция эл күткөн туруктуулукту алып келерине ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM