Биз менен байланышыңыз

Министр: Кыргызстан Кореяны тасмалары аркылуу тааныды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1181 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёкту кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кайрат Иманалиев элчиге иш сапары үчүн ыраазычылыгын айтып, Корея Кыргызстан үчүн маданият жана искусство жаатында артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз элинин көпчүлүгү корей маданиятын кино өндүрүшү аркылуу тааныганын, демилгелүү жаштар корей сериалдарын которуп, дубляж жасоонун үстүндө иштеп жатышканын маалымдады.

Өз кезегинде элчи министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Мындан тышкары элчилик кыргыз каналдарына тасмаларды акысыз көрсөтүү үчүн берип жатканын кабарлап, зарылчылык болгон учурда кыргыз тилине которуу жана корей тасмасына дубляж жасоо үчүн кызыкдар уюмдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн караштыра турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин белгилеп өтүштү.

 

Copyright © 2017 Maral FM