Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 2-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1000 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 2-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9-метрден, кээ бир райондордо 15-20-метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлүп, өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде    -3…-5° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+8

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2

Бишкек шаарында түнкүсүн кар, жаан жааса, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз +6…+8 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM