Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Коомдук коопсуздукту 11 миңдей милиция көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 811 | 0

Кыргызстанда 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоого 11 миңден ашык кызматкер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов басма сөз жыйынында кабаралады .

Добуш берүү күнү 5 миңдей кызматкер шайлоо тилкелерин кайтарат.

Урманбетовдун маалыматына караганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында 78  мыйзам бузуу катталды. Анын 21и — кылмыш, 15и — жорук.

Учурда 4 материал аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилген. 20 факты соттук өндүрүштө.

5-апрелден тарта добуш сатып алууларга бөгөт коюу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт.

ИИМ кызматкерлеринен сырткары 6 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылат.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM