Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 26-мартта Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, катуу шамал секундасына 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +14….+19;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүзү жаан-чачын кутүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +14…+16 градус болот.