Биз менен байланышыңыз

Соцтармактын колдонуучусу Кундуз Ажибекова УКМКга чакыртылды

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 797 | 0

Социалдык тармактын колдонуучусу Кундуз Ажибекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.

Бул тууралуу Ажыбекова өзү кабарлап, Фейсбуктагы баракчасына чакыруунун сүрөтүн жарыялады. Ал буга Фейсбук баракчасындагы билдирүүсү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

«Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев, МТУ-4 башчысы Бахтияр Канатбеков жана орун басары Рыскул Турсукеевге мыйзамсыз иштер боюнча кайрылуу жасагандан кийин УКМКдан чакыруу келди», -деп жазды Ажибекова.

Кундуз Ажибекова социалдык тармакта саясий маселелерге байланыштуу оюн активдүү билдирип, бийликтин ишин сындаган постторду жазып жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM