Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелерин делимитациялоо маселесин карашат.
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында өкмөттүк делегациялардын ишин жандандыруу тууралуу макулдашылган. Сүйлөшүүлөр жакын арада жыйынтыкталары айтылган.
Кумарбек
24.03.2021 17:26
Бул маселе боюнча Кыргызстандын окулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев болсо чечилбейт.