Биз менен байланышыңыз

Путин бүгүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 689 | 0

Бүгүн, 23-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу өлкө президенти вакцинацияга байланыштуу жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Путин кайсы вакцина менен эмделери жөнүндө так айтылган жок. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган атамекендик үч вакцинанын бири менен эмделерин айтты. Ошондой эле президентти эмдөө башка өлкө башчылары кылгандай коомго жарыяланбай турганын кошумчалады.

Орусияда Гамалеи атындагы илимий борбор иштеп чыккан «Sputnik V», Новосибирсктеги «Вектор» илимий борбору жасаган «ЭпиВакКорона» жана Чумаков атындагы борбор даярдаган «КовиВак» вакциналары каттоодон өткөн.

Буга чейин бир канча мамлекет башчылары коронавируска каршы эмделген. Алардын катарында АКШ лидери Жо Байден, Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин, Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Украина президенти Владимир Зеленский жана башкалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM