Биз менен байланышыңыз

Эпидкырдаал оорлошуп кетсе, карантиндик чектөөлөрдү киргизүү каралат

Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 1338 | 1

Биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, коронавирустан коргонуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Анда соңку аптада COVID-19 жуктургандардын саны өсүп кеткени айтылды.

Новиков ооруканаларда даярдалган орундардын 50%ы бош турганына карабай катуу даярдык көрүү керектигин белгиледи.

«Саламаттыкты сактоо системасынын биринчи звеносу ар бир облустан айыл өкмөттөргө чейин калктын ден соолугуна байкоо салып турушу керек. Эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп баратса, кошумча чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралат. Дары-дармектин кеминде эки айлык запасы сакталып турушу зарыл. Баалары мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болот«, — деди Новиков.

Ал кийинки жумада фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугарын кошумчалады.

Ошондой эле ал 1-апрелге чейин бардык медициналык мекемелер кычкылтек берүү системасына кошулуп, ал эми өзүнчө ачылган жана жарым стационардык мекемелерди кычкылтек концентратору менен камсыздоо тапшырмасын берди.

1 пикир

1 пикир

  1. Айка

    21.03.2021 14:32

    Карантин жарыялап,бир аз талаптарды туура сактасак оорудан кутулат элек,канчалаган той,мааракелер болуп элдин баары ошол жерде.Контакт болуп жатпайбы,элди ойлосо карантин жарыяласын креслодогулар.Бул күндөр да өтүп кетет буюрса.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM