Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милициянын кайгуул кызматында ишембилик өткөрүлдү

Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 446 | 0

Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын имаратында башкармалыктын өздүк курамы тарабынан имараттын ичин жана тышкы айланасын жазга карата тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Ишембиликке аппараттын кызматкерлеринен тартып нөөмөт бөлүмүнө чейинки баардык кызматкерлер тартылып, имараттын тегерегиндеги таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип, баардык тарабы ирээтке келтирилди.

Мындай тазалап иретке келтирүү ишембиликтери мындан ары да уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM