Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбү-Алматы үзгүлтүксүз каттамдары жанданды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 830 | 0

Тажыкстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбү — Алматы — Дүйшөмбү каттамы боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, рейстер жумасына бир жолу — шаршембиде жүргүзүлөт.

Бардык жүргүнчүлөрдө COVID-19 үчүн тесттин терс жыйынтыгы менен ПЧР күбөлүгү болушу керек (жыйынтык чыккан күндөн тартып, Казакстанга келгенге чейин 3 күн жарактуу).

Талапка ылайык, бардык жарандар сөзсүз түрдө беткап жана колкап кийип жүрүшү шарт. Ысытма же оорунун белгилери бар жүргүнчүлөр учактын салонуна киргизилбейт.

Эгерде Алматыга келгенде күбөлүк жараксыз деп табылса же COVID-19 аныкталса, бардык чыгымдарды жүргүнчү өзүнө алууга милдеттүү.

Дүйшөмбү шаарына учууну каалаган чет өлкөлүк жарандар Тажикстандын аймагына кирүү үчүн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынан уруксат алышы керек. ПЧР-тесттин анализи да талап кылынат.

Казакстандын, БАЭ, Түркия жана Өзбекстандын жарандарына Тажикстандын аймагына кирүү үчүн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксаты талап кылынбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM