Биз менен байланышыңыз

АКШ миллиондогон иммигранттарга жарандык алууга мүмкүнчүлүк берет

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 962 | 0

АКШ иммигранттарга жарандык жана юридикалык статус берген эки иммиграция мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзамдар АКШда жашаган 4,4 миллион иммигрантка туруктуу жашоо укугун бериши мүмкүн.

АКШнын Өкүлдөр палатасы «Америкалык кыялдар жана убадалар жөнүндө» жана «Дыйкан чарбаларын модернизациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды.

Биринчи мыйзам долбоору Кошмо Штаттарга жашы жете элек катары кирип, каттоосуз жашаган 2,5 миллион «кыялкечке» жарандыкка жол ачат. Мыйзам аларга АКШда депортация коркунучу жок 10 жыл бою жашоого, иштөөгө, аскерде кызмат өтөөгө жана бир катар талаптарга жооп берсе, жарандык алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бул мамлекетте миллиондогон адамдар үйү жок алыскы өлкөлөргө депортацияланып кетишет деп чочулашат. Себеби алардын үйү — Америка. «Кыялкечтер» үчүн бул алардын жаш кезинен берки үйү болуп келген. Эми бул үй алардын эркин дем алышына мүмкүнчүлүк берүүчү чараларды көрүүдө», — деди Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк лидери Стэни Хойер.

Мыйзам ошондой эле АКШда отурукташкан жана убактылуу коргоо статусу менен жашап жаткан согуштан же табигый кырсыктардан качкан иммигранттарга жашыл карта берет. Миграция саясаты институтунун маалыматы боюнча, бул чаралар жалпы 4,4 миллион иммигрантка АКШда туруктуу жашоого укук бере алат.

Конгрессмендер экинчи мыйзам долбоорун да кабыл алышты. Бул айыл чарбасында мыйзамсыз иштегендерге укуктук статус берет. Документ мындай адамдарга айып пул төлөп, айыл чарбасында дагы 4-8 жыл иштесе, грин-карта алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Пандемия учурунда мындай адамдардын көпчүлүгү биздин өлкөнү туруктуу, күчтүү жана ден соолукту сактап калуунун башында турушкан, бирок алар иммиграциялык статуска ээ болгондуктан, коркуп жашоого аргасыз болушат. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм жана Өкүлдөр палатасына ушул маанилүү мыйзамды кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем», — деди президент Байден өз билдирүүсүндө.

Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн демократтар буга чейин мындай мыйзамдарды кабыл алышкан, бирок алар ошол кездеги республикачылар көзөмөлдөгөн Сенатта мурунку президент Дональд Трамптын саясатына ылайык кабыл алынган эмес.

Эми, бул эки мыйзам долбоору АКШнын 2021-жылдагы Жарандык жөнүндө мыйзамынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул мыйзам АКШ аймагына мыйзамсыз кирген, бирок ал жакта жашап жатып мыйзам менен көйгөйгө учурабаган иммигранттарга жарандык алуунун жаңы жолдорун белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM