Биз менен байланышыңыз

Танзаниянын президенттигине I жолу аял киши киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 493 | 0

19-марттан тарта Танзания тарыхында өлкөнү биринчи жолу аял президент башкара турган болду. Мурдагы өлкө башчысы Жон Магуфули 61 жашында көз жумгандан кийин, анын ордуна вице-президент Самия Сулуху Хасан келди.

Сулуху Хасан 19-мартта ант берди.

«Мен, Самия Сулуху Хасан, чынчыл болууга, Танзаниянын Конституциясын сактоого жана коргоого убада берем», — деди Хасан ант берүү аземинде.

17-мартта Танзаниянын президенти Жон Магуфули 61 жашында көз жумган. Ал өлкөнү 2015-жылдан бери башкарып келген.

Расмий маалыматтарга караганда, Магуфулинин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Бирок «Financial Times» гезити билдиргендей, Танзаниянын президенти коронавируска чалдыккан жана февралдын аягынан бери эл алдына чыга элек болчу. Алгач Конгодо, андан кийин Индияда дарыланган.

Магуфули Африкадагы коронавируска күмөн санаган лидерлердин бири болгон. Ал ооруну дарылоонун илимий ыкмаларын четке каккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM