Биз менен байланышыңыз

Песков Байдендин Путин тууралуу сөздөрүнө комментарий берди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 819 | 0

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин тууралуу айткандары боюнча комментарий берди. Анын сөзүн «РИА Новости» жазды.

«Бул — АКШ президенти үчүн өтө жаман билдирүү. Анын биздин өлкө менен алакасын жакшырткысы келбегени көрүнүп турат. Биздин аракетибиз да ушуга жараша болот», — деди Песков.

Ошондой эле ал буга чейинки тарыхта мындай көрүнүш болбогонун кошумчалаган.

Байден «ABC News» каналына берген маегинде Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого катышуу аракети үчүн жооп берерин айткан. Ошондой эле журналисттин Путин жөнүндө: «Сиз Путинди киши өлтүргүч деп эсептейсизби?» — деген суроосуна Байден: «Ооба» — деп жооп берген.

Байден Путин тууралуу суроолорго жооп берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM