Биз менен байланышыңыз

«Адамдар блогерлерди өздөрү тандайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Мар 2021 | 505 | 0

Учурда көңүл ачуу, шоу тармагы көбүрөөк окулат жана катталуучулары көп. Мындай пикирин блогер, иликтөөчү журналист Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда адамдар көз карашына жакын блогерлерге жазылып, ой-пикирлерин окуп турат. Андыктан «коомчулуктун оюн өзгөртө коём» деген блогерлер адашат.

Бийлик кайсы бир блогерди отургузуп коюу менен маселе чечилерин ойлойт. Бирок бул — жаңылыш пикир. Адамдар өздөрүнүн талабына жараша блогер, саясатчыларга катталат.

Ал мындан тышкары, активист Тилекмат Куреновдун камалышына токтолуп, анын билдирүүлөрүндө бийликти басып алуу чакырыгы жок экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта камалган. Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат. Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Азыркы тапта анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда.

Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына катышкан.

Тилекмат Куренов бир айга камакта калтырылды. Ал ачкачылык жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM