Тилекмат Куренов бир айга камакта калтырылды. Ал ачкачылык жарыялады

Социалдык тармакта бийликти сындап пост жазган активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) бир айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Свердлов райондук соту чыгарды. Соттун чечимине ылайык, Куренов дагы бир ай убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өзү соттун чечимине нааразы экенин билдирип, «Бүгүн саат 16:00дөн тарта ачкачылык жарыялайм», — деп билдирди. Сот журналисттердин катышуусуз, жабык өттү. … Читать далее Тилекмат Куренов бир айга камакта калтырылды. Ал ачкачылык жарыялады