Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун «жакшы симптому» айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1532 | 0

Испан илимпоздор тобу коронавирус менен жабыркагандарда жыт сезүүнүн жоголуп кетишин «жакшы симптом» атады. Алар бул организмдин вируска каршы күчтүү иммундук реакциясын көрсөтөт деп ырасташат.

«Инфекция» басылмасы жарыялаган иликтөөдө изилдөөчүлөр коронавируска чалдыккан 5868 адамдын маалыматтарын караганы айтылат. Алардын ичинен аялдардын 12,4 пайызы жана эркектердин 8,67 пайызы жыт жана даам сезүүсүн жоготконун билдиришкен. Вирустун мындай белгиси 65 жашка чыга элек адамдарда көп кездешкен.

Окумуштуулар мындай белгилер организмдин вируска каршы күчтүү иммундук реакциясын көрсөтөрүн айтышууда. Бул коронавирус менен ооруган адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон цитокиндик бороондун өөрчүп кетүү коркунучун азайтат.

Адистер жыт сезүүнүн жоголушу бейтаптын оңой жана тез дарылануу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин көрсөтөт деген бүтүмгө келишти.

«Коронавирусту аныктоодо — жыт сезүүнүн жоголушу маанилүү. Ошондой эле бейтаптарды классификациялоодо жана дарылоо чечимдерин кабыл алууда маанилүү ролду ойной алат», — деп айтылат изилдөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM