Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «IT EXPO Connect. KG» иш-чарасы өтүп жатат

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 784 | 0

Улукбек Марипов «IT Expo Connect.KG» иш-чарасынын ачылышына катышты. Өлкөдө алгач ирет уюштурулган иш-чара видео-конференция форматында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр өзүнүн куттуктоосунда Кыргызстандагы IT-өндүрүшүнүн өсүп келе жатканын айтып, эл аралык катышуучуларды Кыргызстандын IT-сектору менен жигердүү кызматташууга чакырды. Маалыматтык байланыш технологиялар чөйрөсү өкмөттүн күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, IT тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле «IT Expo» иш-чарасынын ачылышына катышкан АКШнын, Япониянын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилери куттуктоосун жолдоп, ушул жумада онлайн режиминде өтүүчү иш-чаралар Кыргызстандагы IT/стартап-компанияларга тажрыйба алмашуу жана бизнес-аутсорсинг боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниялары менен кызматташтык түзүүгө мүмкүндүк берерине үмүт артышты.

«IT Expo Connect.KG» 19-мартка чейин уланат. «Expo» жергиликтүү жана эл аралык катышуучуларды «Hi-Tech Park», БААУ, «Ololo House» жана Кыргызстандагы Борбордук Азия университетинен түз эфирде көрсөтүлө турган виртуалдык панелге туташып, B-2-B сессияларына катышууга чакырат. Анда алар «Facebook», «Amazon Web Services UK», «Cambridge Partnership», «Dell, LinkedIn», «SAP», «Juniper Networks», «SeeRem», «Clarity Movement Co», «EPEM», «Nokia», «FabLab Bishkek» жана «EGIS» компанияларынын эл аралык өкүлдөрү, тармактык адистери менен биргеликте санарип маркетинг, электрондук соода жана санариптик трансформация боюнча вебинарларды өткөрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM