Талас облусундагы «Жерүй» кенинин рудасынан алтын алуучу «Талас» алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Орусия президенти Владимир Путин телекөпүрө аркылуу катышат. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Ачылуу иш-чарасы 2021-жылдын 17-мартында болот.
Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда фабрикада кайра иштетилет, андан кийин өлкө аймагында тазаланат.
Президент Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды