Биз менен байланышыңыз

СИЗО-1ге жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 523 | 0

Нурдин Турусбеков СИЗО-1 абагына жетекчи болуп дайындалды.

Ал буга чейин Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү абагын жетектеп келген.

Ал эми СИЗО-1 абагынын буга чейинки башчысы Марс Жусупбеков Жаңы-Жердеги №19 абакка которулду.

Кошумчалай кетсек, Марс Жусупбеков 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси (Кызматтык укуктарынан аша чабуу) менен шектелип, тергөө абагына киргизилген. 2014-жылы соттун чечими менен 4 жылдык абак жазасына кесилген. 2019-жылы анын жактоочулары жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра каратып, соттун жаранды актоо, кызматын калыбына келтирүү чечими менен ушул жылдын 4-мартында мурдагы кызматына кайра бекитилген.

Жусупбековдун кайра дайындалышына каршы болгон камактагы бир нече адам ачкачылык жарыялап, ооздорун тигип алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM