Биз менен байланышыңыз

13-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 557 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 13-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз +8…+13;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…+8, күндүз +12…+17;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, түнкүсүн күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 3…+5 градус, күндүз +10…+12 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM