Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 30 градуска чейин суук болору күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 439 | 0

Казакстандын Караганда, Түндүк Казакстан, Павлодар жана Акмола облустарында 12-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Казгидромет жарыялады.

Анда айтылгандай, суук 30 градуска жетет.

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, өлкөнүн батышында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда туман, шамал, жаан-чачын болушу ыктымал.

12-мартка карата көпчүлүк аймактарда аба ырайы начарлап, жолдор тайгак жана тоңголок болору айтылгандыктан Казакстанда облустар аралык жолдор убактылуу жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM