Биз менен байланышыңыз

Президент Ташкентте «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду (сүрөт)

Без рубрики , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 580 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарынын «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысын монументке Ардак кароолдун аскерлери коштоп барган.

Садыр Жапаровду бүгүн «Ташкент» аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Кыргызстандын Президенти иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM