Биз менен байланышыңыз

Индонезияда окуучулардын автобусу кырсыкка учурап, 26 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 580 | 0

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында 10-марттын кечинде автобус кырсыкка кабылып, 26 адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, автобуста жогорку класстын окуучулары, ата-энелери жана мугалимдери — жалпы 62 жүргүнчү болгон. Алар атайын саякатка чыгышкан.

Сумеданг калктуу конушун аралап бараткан автобус башкаруудан чыгып, жарга кулаган.

Жергиликтүү маалымат булактары кырсыкка учураган автобустун 26 жүргүнчүсү жеринде каза таап, 35 адам ар кандай жаракат алганын, бир адам дайынсыз болуп жатканын жазышты.

Дүйнө: мектепке жеткирген 20 коркунучтуу жана өзгөчө жол [фото]

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM