Биз менен байланышыңыз

Дүйнө: мектепке жеткирген 20 коркунучтуу жана өзгөчө жол [фото]

Блог , Дүйнө | 15 Янв 2020 | 1417 | 0
Эгерде балаңыз «мектеп алыс жайгашкан, жол узун» деп наалыса, ага бул сүрөттөрдү көрсөткөнүңүз жетиштүү болот деп ойлойм.
Учурда Кыргызстанда билим берген окуу жайлардын түрлөрү ачылып, ата-энелер ыңгайлуулугуна, билим деңгээлине жана акчасына жараша балдарын окутуучу борборлорду тандап калды. Бирок, дүйнө жүзүндө мындай шартка жетпегендер көп. Дүйнө боюнча алганда, балдардын басымдуу бөлүгүнө билим алуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга туруштук берүүгө туура келет. Алардын жолдору, жарактуу көпүрөлөрү, коомдук транспорттору же ата-энесинин айдап алган унаасы жок. Балким, ушундай жагдайда билим алганда гана, чындап анын кадырына жетип баштайбы? Айтор, алардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз.

Кытай, Гулу. Дүйнөдөгү эң алыс мектеп. 5 сааттык жолду түзөт.

Кытай, Zhang Jiawan айылы. Окуучулар мектепке жетүү үчүн бекитилбеген тепкичтер аркылуу аскаларды ашып өтүшөт.

Окуучулар мектеп-интернатка Гималай тоолору аркылуу барышат.

Индонезия, Лебак. Окуучулар асылган көпүрөдөн өтүп мектепке барышат.

Колумбия, Рио-Негро. Балдар күн сайын мектепке барганда 800 метрдик темир кабель аркылуу өзөндүн үстүнөн учуп өтүшөт.

Индонезия, Рио-Негро. Мектепке кайык аркылуу барган окуучулар.

Индия. Чытырман токой жана дарактардын тамырынан жасалган көпүрөлөр аркылуу мектепке карай жол.

Мьянма. Буйволдор менен мектепке барган окуучулар.

Индия, Бельданга. Тук-тук (авторикша) менен мектепке баруу

Кытай, Сычуань провинциясы, Дуцзянъянь. Мектеп жолундагы сынык көпүрө

Индонезия, Пангуруран. Жыгачтан жасалган бул катер аймактагы балдарды топтоп, мектепке алып барат.

Индия, Керале. Мектепке кайык менен жеткен окуучулар.

Индия, Дели. Мектептен соң үйгө кайткан жаштар.

Индонезия. Бамбуктан жасалып, окуучуларды мектепке ташыган транспорт.

Кытай, Пили. Мектеп-интернатына карай тоолор аркылуу 200 чакырымдык саякат.

Индонезия, Падан. Мектепке баруу үчүн окуучулар 10 метрдик бийиктиктеги тартылган канатка аркылуу аркы өйүзгө өтүшөт.

Филиппин аралдары, Ризал. Баллондор менен дарыянын аркы өйүзүнө өтүп билим алган балдар.

Copyright © 2017 Maral FM