Биз менен байланышыңыз

Парламент референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзамга эртең добуш берет

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 494 | 0

Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүнү эртең, 11-мартка калтырды. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында маалым болду.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов добуш бериле турган мыйзам долбоорлорунун арасында референдум тууралуу мыйзам жоктугун айтты. Ал үчүн Жогорку Кеңештин аппараты мыйзам долбоорун күн тартибине киргизиши керек.

Жогорку Кеңеш 10-марттагы күн тартибине референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун койгон. Депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбековдор мыйзам долбоору күн тартибине регламентти бузуу менен киргизилгенин айтышты.

Алар бүгүнкү күн тартиби бекитилип калгандан кийин мыйзам долбоолору каралып жатканда ага өзгөртүү кирбеши керектигин эскертишти.

3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам биринчи окууда кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM