Биз менен байланышыңыз

Оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 1052 | 0

Оор атлетика боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймагынан келген 100дөй спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM